• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ноокенде 2 жаш жигит адам өлтүрүүгө шектелүүдө

1 Тогуздун айы 2021 15:30 Бишкек Govori.TV

Ноокенде эки жаш жигит адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбуздөгү жылдын 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери «102» кызматына байланышкан. Ал Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаада, Ноокен районунун тургуну 1973-жылы туулган Ж.М. аттуу жарандын сөөгү жаткандыгын билдирген.

Бул факты ошол эле күнү Ноокен РИИБдин КЖБРне КР Жазык кодексинин 130-беренесинде (Киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургундары 2002-жылы туулган А.Ж. жана 2005-жылы туулган К.А.аттуу жарандар кармалышкан. Шектүүлөр тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя кандай болгонун жеринде көрсөтүп беришкен. Окуяга шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, А.Ж. 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми К.А. жашы жете өспүрүм болгондуктан Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 269