Элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында Момбеков айыл аймагында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык пункту курулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, имаратка 4 сотых жер ажыратылып, Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтү тарабынан каржыланган.
«Милиция пункту Бишкек-Ош автожолунун боюнда жайгашып, трасса аркылуу каттаган сырткы жана ички туристтердин, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алат», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, ммараттын сыртына видеокамералар орнотулуп, нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлдөнгөн компьютерге туташтырылган.
Милициянын аймактык пункту жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.