• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ноокенде жер тилкелери менен алдамчылык кылган кызмат адамдары кармалды

2 Бештин айы 2023 10:03 Бишкек Govori.TV

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүдөгү коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2017-2021-жылдар аралыгында Бүргөндү айыл аймагынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын айрым жарандары менен алдын ала сүйлөшүп алып, белгилүү бир акчалай сыйлык алуу үчүн, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун комиссиянын кароосуна койбостон жана кезектүүлүгүн сактабастан жер тилкесин беришкен. Ошол эле учурда жер тилкелери — Бүргөндү айыл аймагында каттоосу жок турак-жайы бар адамдарга жана 18 жашка жете элек жарандарга берилген.

Жогорудагы фактылар боюнча 2023-жылдын 30-ноябрында Бүргөндү айыл аймагынын мурдагы башчысы «С.А.А.» жана жерге жайгаштыруу боюнча адис «О.А.А.» кармалып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 183