Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнө 2024-жылдын 4-сентябрь күнү таңга маал Кочкор-Ата шаарындагы жолдун четинде ким экени белгисиз адамдын өлүгү жатканы боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Өлүктү кароо учурунда зомбулук колдонулуп өлгөнү байкалган эмес, бирок эскпертизанын жыйынтыгы менен денеге келтирилген жаракаттар аныкталган. Анын ким экени дагы аныкталып, ал 1988-жылы туулган М.А. экендиги маалым болгон.
Аталган кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсү жана милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Анын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген жаран табылып, кармалган.
Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе (өзгөчө оор залал)) менен кылмыш иши козголгон.
Болжол менен 2-сентябрь күнү Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1981-жылы туулган Д.Ш. өзүнүн үйүндө жаран М.А. менен медициналык спиртти ичишип, экөөнүн ортосунда чыр чыгып, мушташа кетишкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин үй ээси жаран М.А.нын каза болуп калганын байкаган.
Андан соң, шектүү Д.Ш. кылмыштын изин жашыруу максатында таңкы маалда маркумдун өлүгүн өзү жашаган даректен бир көчө ылдый алып барып таштап кетип калган.
Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар далил буюмдар алынып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми мурда бир нече жолу соттолгон шектүү Д.Ш. Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ноокен райондук соту тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.
Иликтөө иштери уланууда.