• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Нооруз — 2023”: Көк бөрү боюнча мелдешинин төртүнчү күнү жыйынтыкталды

17 Жалган куран 2023 11:52 Бишкек Govori.TV

16-мартта Бишкек шаарындагы Аккула ат майданында “Нооруз — 2023” элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин төртүнчү күнү жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, оюн талаасында жогорку, экинчи лига жана 40 жаштан өйдө курама командалары беттешти.

Төртүнчү күндүн жыйынтыгы:

«Өзгөн» жана «Жети аке» 3:2;

«Намыс» жана «Ачы» 7:0;

«Алтын Альянс» жана «Ак-Шумкар» 4:0;

«Сары-Өзөн» жана «Ардагерлер» 4:1 (40 жаш);

«Ийгилик » жана «Саякбай-Ата» 11:4 ;

«Бакай-Ата Дөөлөт» жана «Улар» 2:1.

Бүгүн, 17-марттагы оюндардын тизмеси:

Саат 10:00 «Кетмен-төбө» жана «Ак-Суу»;

Саат 11:00 «Талас шаары»жана «Кара-Балта»;

Саат 12:00 «Ынтымак» жана «Мурас»;

Саат 13:30 «Сокулук» жана «Көк-Жал»;

Саат 14:30 «Жети-аке» жана «Жаштык»;

Саат 15:30 «Намыс» жана «Ысык-Ата».

Количество просмотров: 180