Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы 315 млн. 111 миң сомдук оорукананын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
УКМК 2010-жылы жеке тараптар менчиктештирип алган Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы айылдык участкалык оорукананын имаратын мамлекеттин менчигине кайтарып алды.
Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын аркасында оорукананын ээси өз ыктыяры менен базар баасы 315 млн. 111 миң сомдон ашык жер тилкеси менен административдик имаратты мамлекеттин эсебине өткөрүп берди.