• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Новосибирск: Турак үйдө газ жарылып, эки кыргызстандык жабыркады

10 Бирдин айы 2023 9:24 Бишкек Govori.TV

Новосибирск шаарында турак үйдө газ жарылып, эки кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февралда эртең мененки саат 07:43тө Линейный көчөсүндөгү №39 турак үйдө газ жарылган. Анда Кыргызстандын эки жараны — 1993-жылы туулган А.уулу Т. жана 1978-жылы туулган А.А.К. жабыркаган. КР жараны А. уулу Т. көмүр кычкыл газына ууланган, абалы орто оор деп бааланып, Новосибирск шаарындагы 34-шаардык оорукананын токсикология бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми кыргызстандык А.А.К. омурткасы сынып, Новосибирск травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жаткырылып, операция жасалган.

«9-февраль саат 18:00гө карата каза болгон КР жарандары тууралуу маалымат жок. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканына байланыштуу жабыркагандар жана каза болгондордун саны боюнча маалыматтар толукталууда. Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу А.А.Айдарбеков КР жараны А.А.К.нын абалынан кабар алып, КР жаранына медициналык жардам көрсөтүү боюнча дарыгерлер менен сүйлөштү»,-деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстандын башкы консулдугунун кызматкерлери кырсык катталган жерге барып, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Тергөө комитетинин кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү кошумчаланды.

Количество просмотров: 72