• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

7 млн рубль уурдоого шектелип жаткан кыргызстандык сот залынан бошотулду

1 Кулжа 2023 9:17 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 31-майда Новосибирскте 7 млн рубль уурдоого шектелип жаткан кыргызстандык сот залынан бошотулду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Новосибирск облустук соту 7 млн рубль уурдоого шектүү Айнагүл Борбуеванын адвокатынын даттануусун канааттандырып, Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмүн өзгөртүп, КР жаранын сот залынан бошоткон.

Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында Новосибирск шаарында иштеп жүргөн КР жараны Айнагүл Борбуева Новосибирск шаарынын ички иштер кызматкерлери тарабынан РФ Кылмыш кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүгүнө («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук») ылайык кылмышка шектүү катары кармалган.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрында РФ жараны В.С. 2021-жылдын 3-ноябрынан 4-ноябрына караган түнү мас абалында көчөгө 7 миллион рубль менен сумкасын унутуп кеткендигин айтып арыз менен кайрылган. Укук коргоо органдары тарабынан видеокөзөмөл камералары аркылуу сумканы КР жараны А.Борбуева алып, жумушуна алып барып койгондугу аныкталган.

2022-жылдын апрель айында кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 2022-жылдын 27-октябрында Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту А.Борбуевага карата айыптоо өкүмүн чыгарып, аны 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан болчу.

Бул маселе КР Тышкы иштер министрлиги менен Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө болуп, А.Борбуеванын жакындары жана жактоочулары менен түз байланышта тиешелүү консулдук юридикалык жардам көрсөтүлгөн. КР Башкы консулдугунун кызматкерлери А.Борбуевага карата бардык соттук отурумдарга катышкан.

Количество просмотров: 106