22-апрелде Новосибирсктен Бишкекке чартердик каттам менен келген 176 жүргүнчүнүн биринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
«Новосибирсктен келген 176 жаран обсервацияларга жайгаштырылып, тест алынган. Анда бир жүргүнчүдөн коронавирус аныкталды. Учурда ал тиешелүү дарылануудан өтүп жатат. Ал эми кечээ, 24-апрелде Стамбулдан келген жарандар обсервацияга жайгаштырылды. Алардан алынган тесттин жыйынтыгы чыкса маалымдайбыз», — деди министр.