Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.
Жеке менчик НТС телеканалынын директору болуп Миржан Балыбаев дайындалды. Бул тууралуу каналдын өкүлдөрү кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын талапкерлигин каналдын эмгек жамааты көрсөткөн. Миржан Балыбаев НТСте 14 жылдан бери иштейт.
Саясатчы Өмүрбек Бабановготаандык экени айтылып келаткан НТС телеканалында 130 кызматкер иштейт.
Каналдын мурдагы директору Жайнак Үсөн уулу 6-мартта Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчиси болуп шайланган. Ал эртең, 19-мартта кызматына киришет.