11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.
Алардын бири Ноокат районунун Насирдин Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Нурайым Атаканова бул тренинг өзүнө болгон ишенимим күчөткөнүн айтып берди.
«Өзүмдө болгон ишенимди күчөттүм. Эркин сүйлөп, эркин алып барып, эркин жүрүүнү өзүмө принцип кылдым жана алдыга көптөгөн социалдык маселелрди ишке ашырууга пландарды кое алдым», — деди ал.