• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нурмагомедовдун 100 миң долларлык футболкасын Мирзиёевдин күйөө баласы сатып алган

27 Бештин айы 2019 16:45 Бишкек Govori.TV

Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча орусиялык мушкер, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун 100 миң долларлык футболкасы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Атабек Умаровдо экени белгилүү болду.

Муну Орусиянын «RT Sport» телеканалы маалымдады. 24-декабрда чыккан берүүдө Нурмагомедовдун америкалык мушкер Дастин Порье менен таймашканда кийген футболкасы Ташкенттеги «BeFit» спорт клубунун дубалында илинип турганы айтылат. Быйыл сентябрь айында өткөн кайрымдуулук аукционунда бул футболка 100 миң долларга сатылган. Айрым бир маалыматтарга караганда спорт клубу Атабек Умаровго таандык. Анда Умаров орусиялык журналисттерге бул футболканы кимдир-бирөөлөр белек кылганын айтып, анын аты-жөнүн ачыкка чыгарган эмес.

Кайрымдуулук аукционунда Нурмагомедовдун футболкасын ким сатып алганы белгисиз бойдон калган.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 58