• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нурсултан Назарбаевдин жээни эмнеден каза болгону айтылды

25 Жалган куран 2021 17:25 Бишкек Govori.TV

Улуу Британиянын сырдуу өлүмдөрдү иликтеген атайын өкүлү Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаевдин каза болушуна маңзатка көз карандуулук себеп болгон деген бүтүмгө келди.

Иликтөөнүн жыйынтыгы 24-мартта жарыяланды. Бул мурунку президенттин небересинин өлүмүнүн айланасындагы ар түрдүү шектенүүлөргө чекит коет деп айтылат.

Эске салсак, 29 жаштагы Айсултан Назарбаев 2020-жылы 12-августта Лондондогу паркта эс-учун жоготкон абалда табылган. Кийинчерээк анын кайтыш болгону жарыяланган. Айсултан Назарбаев Казакстандын сенатынын экс-спикери Дарига Назарбаева менен анын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин кичүү уулу. Атасы Рахат Алиев 2015-жылы австриялык түрмөдө каза болгон.

Количество просмотров: 10936