• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Раззак Бейшекеев Азия оюндарында коло медалга татыды

4 Тогуздун айы 2023 16:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев (67 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медалга татыды.

Коло үчүн беттеште Бейшекеев өзбекстандык балбанды артта калтырган.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Количество просмотров: 97