• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Нуржамал Бекташова: Элет энелерин жумуш менен камсыз кылгым келет

30 Чын куран 202114:20 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген.

Алардын бири Нуржамал Бекташева Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күңгөй айылынан келген, 42 жашта.

«Төрт балам бар. Учурда жаңы депутат болдум, китепканачы болуп эмгектенем. Айыл жергесинде болгондон кийин ошол жактагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатабыз. Алардын бири аялдардын жумушсуздугу. Айылдардагы апаларыбыздын эмгектери баалап, аларга жумуш орундарын түзүү аракетин көрүп жатам. Бул тренингден коомдогу аялдардын ролу тууралуу билгим келип катышуудамын. Колдоо көрсөтүп, колдоп келген жолдошума ыраазычылык билдиргим келет», — дейт ал.

Количество просмотров: 102