• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Нышанов: Элге президенттик менен парламенттик башкаруунун айырмасын түшүндүрүү керек

3 Бештин айы 2020 17:44 Бишкек Govori.TV

Башкаруунун формасын тандоодо элге толук кандуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдирди.

«Биз Курманбек Бакиевден баштап, президенттердин баары менен иштештик. Убагында алар дагы жетишкендиктерди алып келип, элдин колдоосу менен президент болгон. Алардын тагдыры бүгүн кандай болду? Себеби күнөө шайланган президенттерде эмес, күнөө ак үй менен көк үйдө отургандарда экен. «Боло берет, сиз мыктысыз деп отуруп аны аңга тыгып, түрмөгө түртүп атабыз. Бул бүгүнкү факт. Эгерде биз Кыргызстан өнүксүн десек, туура сөздү сүйлөп баарын токтотолу. Эл президенттик же парламенттик башкаруу болсо кандай боло турганын түшүнүшү керек»,-деди депутат.

Белгилей кетсек, азыркы тапта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруу формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүүнү дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоору парламентте каралып жатат.

Количество просмотров: 107