• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Нышанов: Күйүүчү майдын баасын туруктуу кармоонун бир эле жолу бар

8 Аяк оона 2021 15:26 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасы, президент коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени чечүүгө аракет кылыш керек.

«Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасынын кымбатташы жарандар үчүн өтө оор болду. Мисалы, айлык маянасы 1000-2000 доллар өлкөлөрдө бензин баасынын өсүшү нормалдуу көрүнүш. Ал эми биз үчүн кыйын эле болуп жатат. Аны чечүүнүн бир эле жолу бар. Маселе нефтрейдерлерде эмес, Кыргызстан бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишим түзүшү керек. Сентябрь айынан тартып Орусия экспорттук төлөмдү киргизди. Буга байланыштуу өлкөдө бензиндин баасы 1,7 сомго көтөрүлүшү мүмкүн.  Ошол себептүү министрлер кабинетинин төрагасы, президент коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүп, эл кыйналып жаткан мезгилде маселени чечүүгө аракет кылыш керек. Бизде бул жаатта бир эле булак бар, ал Орусия. Ошол эле учурда нефтини жакшы өндүргөн өлкөлөргө кайрылып, көйгөйдү чечүү зарыл»,-деди Нышанов.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзу сентябрь айынан тартып өлкөнүн нефтетрейдерлери Орусиядан күйүүчү майды пошлина менен ала баштаганын билдирген. Орусиялык заводдордон күйүүчү май ташып келүүгө экспорттук бажы алымы колдонулат — бир тоннага 19,3 доллар. Күйүүчү майды ташып келүүдөгү бажы алымынан улам бензин 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн экени айтылган.

Количество просмотров: 867