• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Нышанов: Көпчүлүк коалиция жогору жактан келген талапкерди нотариус сыяктуу бекитип берет

1 Бирдин айы 2021 16:56 Бишкек Govori.TV

Көпчүлүк коалиция жогору жактан келген талапкерди нотариус сыяктуу бекитип берет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчылыкка президенттин айткан адамы дайындалып келе жатат.

«Премьер-министр жакшы иштөөсү үчүн, ага мүмкүнчүлүк берүү керек. А бизде өкмөт башчылар статус алганы гана келет да көбү. Маселени чече албайт. Маселени чечем деп баштаса эле бийликте тургандар акырындан оппозицияны түрткүлөп коет да критикага өтөт. Ошонун негизинде ал отставкага кетет. Андан кийинкилер ошондон коркуп, айтканды кылып, көбүрөөк туруу аракетин кылат. Премьер-министр өзүнүн айдоочусу менен пол жуугучун эле дайындай алат деген сөздөр айтылып, бизге да жетип жүрөт. Баардыгы президенттин айтканындай болот», — деди ал.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду.

Парламентарийлер ага өкмөттүн курамы, андан сырткары социалдык жана экономикалык жааттагы бир топ суроолорду узатты.

Жыйынтыгында, ЖКнын депутаттары Мариповдун талапкерлигин көпчүлүк добуш менен колдоду.

Количество просмотров: 129