• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нышанов: «Кумтөрдүн» келечеги оор болушу мүмкүн

17 Бугу 2021 17:54 Бишкек Govori.TV

«Кумтөрдүн» келечеги оор болушу мүмкүн. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

«Негизи Кумтөрдүн айланасындагы маселе улутташтыруу же сырттан башкаруу эмес. Бул убактылуу башкаруу долбоорун депутаттар кабыл алса, 3 айга киргизилет. Сүйлөшүүнүн башталышы болушу мүмкүн. 45 күндүн ичинде кээ бир жактар ич ара акылдашып, Кыргызстан менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда жаңы келишим түзүлүп калышы ыктымал.  Азыр биз 10 % гана кирешени алат экенбиз. Дүйнөдө мындай келишим эч жерде жок. 45 күн ичинде аталган компания ойлонуп, сүйлөшүүгө келиши мүмкүн. Бул жакта «Кумтөрдү» иштеткен компанияларды күнөөлөгөнүбүз туура эмес. Анткени буга чейин биздин чиновниктер өздөрү сатылып келген. Аягында ушул күнгө келдик. Эми «Кумтөрдүн» келечеги бир топ оор болушу мүмкүн. Бирок эл, президент, депутаттар баары бириксе, бизде жеңиш болот»,-деди эл өкүлү.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет.

Количество просмотров: 284