• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нью-Йорк зоопаркындагы жолборско коронавирус адамдан жукту

6 Чын куран 2020 16:24 Бишкек Govori.TV

Нью-Йорк шаарынын Бронкс зоопаркындагы Надия аттуу төрт жашар малай жолборсунун коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул маалыматты Ветеринардык кызматтын улуттук лабораториясы ырастады.

Зоопарктын билдирүүсүндө Надиядан тышкары дагы бир малай жолборсунун, эки амур жолборсунун жана үч африкалык арстандын кургак жөтөлү бар экени жазылган. Жаныбарга вирус зоопарк кызматкеринен жуккан болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Бул COVID-19 вирусу адамдан жапайы жаныбарга жуккан алгачкы учур. Буга чейин коронавирус кишиден мышыкка жана итке жуккан учурлар катталган.

Количество просмотров: 206