• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Нью-Йоркто Дональд Трамптын иши боюнча сот башталды

16 Чын куран 2024 9:26 Бишкек Govori.TV

15-апрелде Нью-Йорк шаарында экс-президент Дональд Трампка коюлган каржы алдамчылыгы боюнча сот отуруму башталды. Бул АКШнын тарыхында мурдагы президенттин үстүнөн уюштурулуп жаткан алгачкы сот жараяны болуп калды.

Иш Нью-Йорктогу Манхэттендин кылмыш сотунда каралууда. Тергөө Трамп 2016-жылкы шайлоо алдында порноактриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн адвокаты аркылуу 130 миң доллар берип, бирок аны жактоочунун юридикалык кызматы катары каттаганын, Нью-Йорк штатында бул мыйзам бузуу деп эсептелерин билдирүүдө.

2018-жылы Трамптын адвокаты Майкл Коэн бул иш боюнча үч жылга абакка кесилген, ошол кезде мамлекет башчысы болуп тургандыктан Трампка айып тагылган эмес.

Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эч кандай кылмыш кылбаганын айткан.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трампка каршы жалпысынан төрт иш козголгон.

2020-жылдагы президенттик шайлоодо утулгандан кийин анын тарапкерлери 2021-жылдын 6-январында конгрессмендер отурган имаратка кирип барышкан. Трамптын бул окуядагы ролу канчалык деген териштирүү жүрүүдө.

2020-жылдын аягында Трамп кызматын тапшырып жатып бир нече кызматтык документти жеке архиви үчүн алып кеткени кабарланган. Улуттук архив ал документтер жашыруун болгондуктан архивге тапшырууну өтүнүп, прокуратурага кайрылган.

Төртүнчү иш Трамп 2021-жылы январда Жоржия штатынын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына 11 780 добуш таап берүүгө жардамдашууну суранганы айтылган.

Быйыл күзүндө АКШда президенттик шайлоо өтөт. Трамп ага катышуу аракетин көрүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 44