• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Обсервацияда тополоң салып жаткандарга министрдин орун басары барды

18 Бугу 2020 15:12 Бишкек Govori.TV

«Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жолугушуу өткөрүүдө.

Буга чейин маалымдалгандай, ал жерде Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып келгендер обсервацияда жатат.

Социалдык түйүндөргө жарыялаган видеолордон алар 17-майда жаалданган топ болуп, күч кызматкерлерине баш ийбей жатканын көрүүгө болот.

18-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус табылган 78 адамдын 43ү Орусиянын Соль-Илецк шаарынан 7-майда автобус менен жеткирилгендер экени расмий айтылды.

10-майда вирус жуктурган 71 адамдын 55и да Соль-Илецкиден келген мигранттар болчу.

Бир аз мурдараак саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев чет жактан кайтып жаткан кыргызстандыктарды дароо үйүнө коё бербей, обсервацияда кармоо эрежеси өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатканын айткан. Орусиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ПЦР анализин кайталап текшергиче кармап туруу алардын туугандарынын арасында илдеттин жайылып кетишине жол бербегенин билдирген.

Количество просмотров: 176