• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Октябрь окуялары: Атамбаев соттон чыгарылды

28 Кулжа 2022 15:13 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча өтүп жаткан соттук отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинген. Атамбаев акыркы сөзүн айтуудан баш тартты.

Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев мурдагы президенттин ден соолугуна жана башка себептер менен соттогу жарыш сөз, акыркы сөз айтууга катыша албай турганын айтты. Ушундан улам Алмазбек Атамбаевди сотко катыштырбоо өтүнүчүн берди. Бул өтүнүчтү Атамбаев да колдоду.

Прокурор айыпталуучу сот жараянына катышуусу зарыл экенин айтты. Алмазбек Атамбаев буга каршы болуп, буту менен темир тосмону тепкиледи. Жыйынтыгында ал сот залынан чыгарылды.

Количество просмотров: 8164