Биринчи май райондук сотуна мурунку президент Алмазбек Атамбаев алып келинди.
Соттук отурумда 2010-жылы түштүк жергесинде болгон Июнь окуялары боюнча иш каралууда. Ага Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев жана саясатчы Бектур Асанов алынып келинди.
Мени бул соттон бошотуп эле өзүңөр өткөрө берсеңер. Мага барып-келиш да кыйын болуп жатат», — деди Атамбаев.
Сот отуруму башталгандан кийин мурдагы президент тосмону тепкилеп кайрадан чуу салып, залдан чыгарылды.