• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бакиевдин кеңешчиси депутаттарды башкарат. Октябрь окуясынын катышуучулары бийликке нааразы

5 Тогуздун айы 2022 18:24 Бишкек Govori.TV

ТӨРАГА АЛМАШТЫ

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын бүгүн парламенттин жалпы отурумунда билдирди. Ал спикерликти тапшырып жатканына айрым окуялар себеп болгонун кыйытып айтты.

ОКТЯБРЬ ОКУЯЛАРЫНА 2 ЖЫЛ

Бүгүн, 5-октябрда Ала-Тоо аянтында октябрь окуяларынын 2 жылдыган утурлай жарандар чогулуп, куран окулду. Аянтка чогулгандар, октябрь окуяларында жабыркаган жарандар көз жаздымда калып жатканын айтышып, бийликке бир катар талаптарды коюшту. Нааразычылыктарын айтып чогулган жарандар менен жолуккан депутат Эльвира Сурабалдиева октябрда жабыркагандар макам берүүнү суранып жатышкандыктарын кошумчалады.

ДАЙЫНСЫЗ БОЛУП ЖАТКАН ЖООКЕР

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 14-17 сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылгандыгын кабарлады. Маалымдалгандай, сөөктүн 90 пайызы жабыркагандыктан, анын тек-жайын дароо аныктоо мүмкүн болбой жатат. Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта табылган сөөк дайынсыз болуп жаткан лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүн. Каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында генетикалык-экспертиза — ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды.

ӨСПҮРҮМ ӨЗ ЖАНЫН КЫЙДЫ

Сокулукта 12 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Облустук милиция билдиргендей, 4-октябрда Сокулук райондук милицияга 2010-жылы туулган өспүрүм болжол менен саат 10:30 чамасында үйдүн короосунда асынып, каза болгондугу жөнүндө маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, атасы урушуп, эшикке чыгарбай койгондугу үчүн асынып калганы аныкталган.
Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки амалдар жүргүзүлүүдө.

МАНАСЧЫНЫ КАНДАЙ ТОСУП АЛЫШТЫ?

Бүгүн, 5-октябрда “Манас -2” аэропортунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаковду тосуп алуу аземи өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов баштаган өкүлдөр тосуп алды. Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталган болчу.

Количество просмотров: 313