• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Атамбаев кайрадан айнек тосмону тепкилеп, сот отурумунан чыгарылды

11 Чын куран 2022 10:36 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган соттук жараян учурунда кайрадан тартипти бузуп сот залынан чыгарылды.

Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Октябрь окуяларына байланыштуу ишти кароону уланткан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай турганын айтып, жана анын оорусун калп деп көрсөтүп жаткандыктарын айтып нааразы болду.

Атамбаев соттук жараян учурунда айыпталуучулар олтурган айнек тосмону тепкилеп, каршылыгын көрсөттү. Мындан кийин аны сот залынан алып кетишти.

Эске салсак, 8-апрелдеги соттук отурум учурунда да Алмазбек Атамбаев саламаттыгынан улам сот отурумдарына катыша албасын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып, айнек тосмону тепкилеп, сот залынан чыгарылган. 8-апрелдеги сот отурумунун түштөн кийинки бөлүгүндө мамлекеттик айыптоочулар процесс кылмышка шектүүлөрдүн катышуусу менен өтүшү керектигин айтып, өтүнүч келтиришти. Натыйжада судья Атамбаевди мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарып, кийинки сот процесси 11-апрелге белгилеген.

Буга чейинки соттук жараян учурунда Атамбаев өзүн жаман сезип, аны «Тез жардам» унаасы алып кеткен.

Количество просмотров: 1235