Бишкектеги Биринчи май райондук соту Октябрь районунун мурунку акими Константин Куценкону үй камагына чыгарды. Бул чечим 2021-жылдын 21-январына чейин жарактуу.
24-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Куценко «соттун чечими менен конфискация боло турган жер тилкесинин ээсин алмаштыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктоо ишинин алкагында кармалганын, факт боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
Буга чейин бул иш боюнча Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана райондор аралык соттун мурунку судьясы Ж.Н кармалганы айтылган.