• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Октябрь районунун прокурорунун орун басары камактан бошотулду

11 Үчтүн айы 2022 9:30 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Октябрь районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаровду камактан бошотту. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишти караган соттук отурум кечээ, 10-январда болгон. Анда Айдаровдун камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде камактан чыккан.

Айдаров 17-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Маалымат боюнча, ал милиция кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн опузалап 5 миң доллар талап кылган. Күч органдары тинтүү учурунда Айдаровдон опузалап алынган акчанын бир бөлүгүн — 200 миң сом алганын тастыктаган материалдык жана документалдык далилдерди табышкан.

Количество просмотров: 81