• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто милиция кызматкерин опузалап, 150 миң сом талап кылган жаран кармалды

21 Бирдин айы 2024 15:22 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан милиция кызматкерин опузалап, акча талап кылган жаран кармалды.

Ведомстводон билдиришкендей, 18-февралда Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Моминов көчөсүнүн кесилишинде Ош шаарында кайгуул кызматкери 1992-жылы туулган Т.М. аттуу жаранга КР укук бузуулар кодексинин «Жөө жүргүнчү жол эрежесин бузгандыгы үчүн» беренеси менен протокол түзгөн.

Аталган Т.М. аттуу жаран өзүнүн уюлдук телефонуна видеого тартып алып, Ош шаардык милициясынын башчысынын наамына ага карата протокол түзгөн кызматкердин үстүнөн арыз жазып кайрылган. Арыз Ош шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлө баштаган.

Андан кийин Т.М. аттуу жаран аталган жагдайдагы видео тасманы интерет тармагына чыгарам деп коркутуп, кайгуул кызматкеринен 150 миң сом талап кылганы аныкталган.

Көрсөтүлгөн Т.М. аттуу жарандын аракетинде КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинде каралган кылмыштын курамы байкалгандыктан кылмыш иши козголгон.

Ошентип, 20-февралда милициянын ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан «опуза» белгиси коюлган 40 миң сом акчасы ырасталып, кызматкерге тапшырылып, ошол эле күнү тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ош шаарындагы «Бакыт» үйүнүн алдында 1992-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалып, жеке тинтүү жүргүзүү учурунда алдын ала даярдалып берилген 40 миң сом акча алынган.

Шектүү Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 251