4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыйуу салынат. Мындай чечим бүгүн, 3-майда, облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.
Көп өтпөй социалдык тармактарда видео жарыяланып, Ысык-Көлдөн чыгуу үчүн керек болгон өткөрмө кагазын алууга жана коронавирусту аныктоочу тест тапшыруу үчүн узун кезек жаралганын жазып чыгышты.
Алардын айтымында, тест буга чейин бекер тапшырылып жаткан болсо азыр 2400сом болуп жаткан. Бул көрүнүшкө тургундар нааразы пикирлерин айтышууда.
Ыкчам штабтын маалыматында, аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялар тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат.
Кайра облус аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспесс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет жана 14 – күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын баардыгына тиешелүү.