Бүгүн, 7-июнда Акылбек Жапаров Кыргызстандын аймактарынан келген алдыңкы окуучулар менен жолугушту. Анда окуучулардын бири Министрлер кабинетинин төрагасына «окуу жылынын графигин мурунку тартипке кайтарууга болобу» деген суроо узатып, быйылкы окуу жылы мектеп окуучулары үчүн оор болгонун белгиледи.
Ал эми Акылбек Жапаров бул сунушка каршы эместигин айтты.
«Мен каршы эмесмин, бирок бул маселе билим берүү министринин компетенциясына кирет. Эгер ал сунуш киргизсе, мен аны колдоого даярмын», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.