«Ала-Тоо» аквапаркынын администрациясы көзөмөл камераларына окуучу бала каза болгон күндөгү тартылган видеолордун баарын тергөөчүгө өткөрүп бергенин 9-июнда эс алуу жайынын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.
Жактоочу аквапарктын жетекчилиги окуя үчүн жоопкерчиликтен качпай турганын, тергөө менен кызматташарын айтты.
6-июнда Бишкекте «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин айткан.
9-июнда мектептин башталгыч классынын алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды.
Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.