Нарын шаарында окуучу кыздарга ыдык көрсөтүп келген деп айтылып жаткан адам муунуп каза болду.
Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя кечээ, 14-апрелде каттоого алынган.
«Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин инстаграмда Нарында англис тили курсунан сабак берген мугалим бир топ жылдан бери окуучу кыздарга ыдык көрсөтүп келгенин баяндаган баракча ачылып, анда бир топ кыздар мындай окуяга кабылганын айтып чыгышкан.
Милиция буга байланыштуу териштирүү башталганын маалымдаган.