• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Окуучулар аралашкан мектептин чыры. Маселени ким, кантип чечет?

19 Чын куран 2023 16:57 Бишкек Govori.TV

17-апрелде Бишкектеги мектепте чуу чыгып, ага мектеп мугалимдеринен сырткары окуучулар да катышып, колдоруна плакат кармап митингге чыгышкан.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы маалымдагандай, даттануулардан улам №1 мектеп-интернатынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, жыйынтыгында бир нече эреже бузуулар аныкталган. Мунун айынан директору Нургүл Матканова иштен алынган. Жамаат жаңы дайындалган директордун иштешине каршылыгын билдирип, жаңы жетекчилик тарабынан кысым болуп жатканын айтышкан.

Окуучулардын митингге чыгуусу талкууга алынган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №1 интернат-гимназияда болуп өткөн окуяларды катуу сынга алып, мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбестигин айткан.

Ал эми эл өкүлдөрү бул тууралуу кандай ойдо билип көрдүк.

Количество просмотров: 57