• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Окуучулар кабылган кырсык: Баткенде 5 мугалим жумуштан алынды

7 Кулжа 2023 16:05 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн №16 аппараттык кеңешмесинин протоколдук чечиминин негизинде “Өрүк-Зар” орто мектебинин директору А. Алимбаевге эскертүү берилип, тарбия иштери боюнча директордун орун басары А. Калбаев, соцпедагогдор А. Коргонова менен Г. Сабирова кызмат ордуларынан бошотулгандыгын билдирди.

Маалыматка караганда, окуучулардын катышуусунда болгон жол кырсыгына байланыштуу аппараттык кеңешме өткөн. Ал эми 9-а-б-класстарынын класс жетекчилери Г. Закирова жана А. Үрүстөм кызы иштен алынды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-июнунда Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары Hyundai Porter унаасы менен жол кырсыгына кабылган.

Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы менен виньеткага сүрөткө түшүп, андан соң Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасында сүрөткө түшүү үчүн бара жатышкан. Унааны 9-б классынын жетекчиси А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо унаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.

Кырсыктан 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы.

Количество просмотров: 180