Кыргызстанда окуучулар мурдагыдай аралыктан окуйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, учурда мекеме тиешелүү буйрукту даярдап жатат.
«Министрлик мектепте окууну жандантууну өлкөдө абал турукташкандан кийин карап баштайт», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек,буга чейин 2-класстан 6-класска чейинки окуучулардын мектепке баруусуна уруксат берилген болчу.