Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары кышкы каникулга качан чыгары тууралуу маалымат берди.
Министрликтен кабарлашкандай, мектеп окуучулары 1-январдан 15-январга чейин каникулга чыгат.
«30-31-декабрь дем алыш күндөргө туура келгендиктен, окуучулардын эс алуусу 2 күн эрте башталат»,-деп билдиришти министрликтен.