• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Окуучулар ууланды. Мектепте акча чогулткандар жазаланат

30 Жалган куран 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ОШТОГУ АДАМ ӨЛТҮРҮҮ БОЮНЧА ДАГЫ БИР ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ
Ош шаарында адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөн дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, кармалган адам киши өлтүрүүгө катышкан уюшкан кылмыштуу топтун негизги мүчөлөрүнүн бири. Ал күнөөнү моюнуна алган көрсөтмө берген. Милиция кылмышка шектүү бир жаран издөөдө экенин билдирди.
ИИМдин маалыматына караганда, уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү каттоодо турат. 2022-жылы алардын 153 мүчөсү кармалган.

“ЧАКАН ГЭСТИН” ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН БИРИ КАРМАЛДЫ
“Чакан ГЭС” ААКнын жетекчилеринин бири пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жана козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында өлкөнүн энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Анда, “Чакан ГЭС” ААКнын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай алдын ала пара алышкан.

ОКУУЧУЛАР УУЛАНДЫ
Күн мурун Ошто 43 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалымматка ылайык, 43 баланын ичинен 18и ооруканага жаткырылды, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда

ЭТТИН БААСЫНА КӨЗӨМӨЛ
Бишкектин Ош базарында эттин дүң жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош базарда эт негизинен Чүй жана Нарын облустарынан ташылып келери белгилүү болду. Базарда эт дүң жана чекене баада сатылат.
МЕКТЕПТЕН АКЧА ЧОГУЛТКАНДАРГА АЙЫП САЛЫНАТ

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде акча чогулткандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Анда «Билим берүү жөнүндө» жана укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилет. Мыйзам долбоору билим берүү уюмдарынын окуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн иштелип чыккандыгы белгиленет.

МОЛДО ЖАЗАЛАНДЫ
Кочкор райондук соту 18ге толбой турмушка чыккан кыздын туугандарына каршы козголгон иш боюнча өкүм чыгарды.

Кылмыш ишинин алкагында 5 кишиге айып тагылган: кыздын күйөөсү, анын ата-энеси, кыздын апасы жана нике кыйган молдо.

КАР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУ БАР

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Ведомствонун маалыматына караганда, 31-марттан 1-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу күтүлөт.

Количество просмотров: 168