• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Окуучуларды дистанттык окутуу 8-апрелде башталат

2 Чын куран 2020 14:04 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды дистанттык окутууга даярдап жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

4-чейректи дистанттык түрдө окутуу 8-апрелде башталат.

Ал эми борбордогу айрым жеке мектептер аралыкта окутууну 1-апрелден тартып башташкан. Министрликтен бул тууралуу маалымат такталып жатканын билдиришти.

Министрликтин басма сөз кызматы кошумчалагандай, азыркы учурда видеосабактар даярдалып жатат. 1-4-класстар үчүн видеосабактар «Баластан» каналынан, ал эми 5-11-класстар үчүн «Илим Билим» каналынан көрсөтүлөт. Андан тышкары, бул ишке дагы башка каналдар кошулушу мүмкүн, аларга өтүнмө жөнөтүлгөн.

Муну менен катар окуучу менен мугалимдин ортосундагы байланыш үзгүлтүксүз болмокчу. Ошол сабактар Ютуб аркылуу да жеткиликтүү болот. Ошондой эле окуучулар менен мугалимдерге сим-карталар таратылып, анда мобилдик тиркеме түзүлөт.

Количество просмотров: 158