• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө буйрук чыкты

22 Аяк оона 202217:47 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо, жарандыкты калыптандыруу максатында “Кризистен кийинки калыбына келтирүү шартында балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө” буйрук чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буйрукка ылайык, төмөнкүлөрдү уюштуруу белгиленди:

  • билим берүү уюмдарында — Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматчыларды жана жарандарды эскерүүгө арналган иш-чараларды өткөрүү;
  • “Кыргызстан Баткенден башталат” темасында дил баяндар сынагы, “Элдердин достугу өлкөнүн күчү” темасында балдар сүрөтүнүн сынагы, “Достук Ритмдери” онлайн флешмобу, “Ар бир үйгө тынчтык” веб-плакаттар сынагын өткөрүү;
  • мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн убактылуу жайгашкан жерлерде кошумча сабактарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү;
  • Баткен окуялары учурунда жабыр тарткан жарандар менен иштөө үчүн республиканын жогорку жана кесиптик окуу жайларынын окутуучуларынын ичинен психологдорду ишке тартуу.
Количество просмотров: 462