• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Окуучуларга жол кирени азайтуу маселеси көтөрүлдү

20 Бештин айы 2021 13:47 Бишкек Govori.TV

Мектеп окуучуларынын коомдук унаада жүрүүсү үчүн мурдагы тарифти кайтаруу зарыл. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат Бишкекте жол киренин көтөрүүдө мектеп окуучулары эске алынбаганын белгилеп, комитет мүчөлөрүнө окуучулардын жол киресин мурдагы тарифке өткөрүү буйругун чыгарууну сунуштады.

«Окуучулар менен студенттерге жол кире акысын 10 сом кылуу керек»,-деди Маматалиев.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан тарта коомдук транспорттордун жол кире акысы көтөрүлгөн. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары колдогон. Мындан улам автобус жана троллейбустар 11 сомго, маршруттук таксилердин жол кире акысы 15 сомго жогорулады. Буга чейин шаардыктарды тейлеген кичи автобустардын айдоочулары жол кирени көтөрүү талабы менен иш таштаган.

Количество просмотров: 414