• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Окуучуну сүзгөн шаар башчыга кылмыш иши козголгон жок

12 Бештин айы 2017 15:22 Бишкек Govori.TV

9 жашар баланы унаа менен сүзгөн Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабатаевге кылмыш иши козголгон жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ИИБнен билдиришти.

ИИБ билдиргендей чиновник баланы чынында эле сүзгөн. Окуя ноябрь айынын аягында болгон. Бул убакытка чейин экспертиза жүргүзүлгөн. Аймактын жол кайгуул башкармалыгы шаар башчыны кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз тапкан эмес.

“Өмүрбек Бабатаев окуучуну сүзгөн эмес, окуучу өзү унаанын арткы дөңгөлөгүнө урунуп алган. Окуучунун бутуна гипс коюлду. Учурда үйүндөдарыланууда, бардык чыгымды шаар башчы төлөп берген. Мэр милдетин аткаруучу соо болчу”,-деп билдиришти Жалал-Абад ИИБинен.

Количество просмотров: 4