• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Окуучуну урган маршрутканын айдоочусу иштен алынды

16 Аяк оона 2022 16:48 Бишкек Govori.TV

№173 каттам боюнча кичиавтобустагы окуя боюнча борбор калаанын мэриясы билдирүү таратып, айдоочу иштен алынганын кабарлады.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине караштуу «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасына карамагында турган № 173 каттамдын линиясынын айдоочусу У.Б.Бообеков менен жүргүнчүлөрдү ташуу келишими бузулуп, келишимдик милдеттенмелер да бир тараптуу бузулган.

Айдоочу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын одоно бузгандыгы үчүн иштен бошотулду.

Ошондой эле, жогорудагы каттамдын бригадири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал тараптан жүргүнчүлөрдү ташууда этиканы сактоо жөнүндө айдоочулар курамы менен сүйлөшүүлөр уюштурулду.

Эскерте кетсек, маршруттук таксинин айдоочусу эшикти тарс жаап салганы үчүн өспүрүмдү муштап салган.

Количество просмотров: 493