• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Олимпиада-2020. Токиого Кыргызстандан ким барат (делегациянын курамы)

17 Теке 2021 16:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети Токиодогу Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын спорт делегациясынын тизмесин сунуштады. Белгилей кетсек, оюндардын ачылыш аземи 23-июлда болот.

Жалпысынан делегациянын курамында 42 адам бар, алардын ичинен 17 спортчу, 14 машыктыруучу, массажист, дарыгер жана команданын пресс-атташеси.

Мындан тышкары, УОКтун Башкы катчысы Саламат Эргешов миссиянын башчысы болуп шайланды, уюштуруу маселелери боюнча УОКтун кызматкери Чолпон Жумагазиева, ошондой эле Жаштар жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Нурлан Исмаилов жана Марат Аскарбеков дайындалды.

Расмий адамдардын катарында УОКтун башчысы жана Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов, УОКтун биринчи вице-президенти жана Кыргыз Республикасынын Жеңил атлетика федерациясынын башчысы Канат Аманкулов. Азия дзюдо федерациясынын президенти жана Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев, Азия күрөш федерациясынын вице-президенти жана Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев барат.

Спортчулар:

Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү);
Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү);
Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү);
Эрназар Акматалиев (эркин күрөш);
Узур Джусупбеков (грек-рим күрөшү);
Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү);
Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү);
Жоломан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү);
Дарья Маслова (марафон, жеңил атлетика);
Нурсултан Кеңешбеков (жеңил атлетика);
Каныкей Кубанычбекова (ок атуу);
Денис Петрашов (сууда сүзүү);
Роман Петров (фехтование);
Владимир Золоев (дзюдо);
Бекдөөлөт Расулбеков (оор атлетика);
Айаал Лазарев (эркин күрөш).


Тренерлер жана дарыгерлер:

Виктор Суровцев;
Александр Черных;
Азат Эркимбаев;
Улук Карачолоков;
Бактыгүл Алишева;
Константин Эремич;
Абдужалил Юнусов;
Евгений Петрашов;
Омуржан Молдодосов;
Камбар Токтоналиев;
Нурбек Изабеков;
Байгазы Кенжебаев;
Татьяна Борисова;
Сатыбек Чокаев;
Руслан Маджинов;
Сүймөнкул Табалды уулу;
Кабыл Макешов.


Количество просмотров: 363