• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Олимпиада: Делегация менен барган аткаминерлердин пайдасы тийбегени талкууга түштү

4 Баш оона 2021 16:06 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Токиодогу Олимпиада оюндарына кеткен Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамы кайрадан коомчулуктун нааразычылыгын жаратты.

Буга чейин 22 жаштагы балбан кыз Мээрим Жуманазарованын атасы Рахмадил Жуманазаров Токио шаарында XXXII Жайкы Олимп оюндарына чукул калганда барбай калганын ЖМКлардын бирине берген маегинде айткан.

«Мен да Олимпиадага барам деп жатып, жакындаганда уюштуруучулар тарабынан баш тартуу болуп калды. Кызымдын жанында болуп колдогум келген»,-деп билдирген Жуманазаров.

Белгилей кетсек, Японияга сапар алган делегациянын курамына 41 адам кирген. Алар: 16 спортчу, 14 машыктыруучу, УОКтун мүчөлөрү, команданын пресс-атташеси, федерация менен мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү жана дарыгерлер.

Мындан тышкары, Олимпиада оюндарын көрүүгө мамлекеттик чиновниктер дагы кеткени айтылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Японияга спорттук делегация менен кошо президенттик администрациянын жана Министрлер кабинетинин бир нече кызматкери жөнөп кетишкен. Алардын катарында администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек да бар.

Количество просмотров: 383