• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбековду Россияга кимдер коштоп барат? (делегациянын курамы)

20 Аяк оона 2019 11:18 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен Оренбург шаарына барат. Аталган шаарда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык машыгуулар өтүп жатат.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты— азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Россиянын башчылары жолугушуу өткөрүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелерин дагы талкуулашат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

  • тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
  • Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев;
  • Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков;
  • Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов.
Количество просмотров: 1193