• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев 7-миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын тартуулады

29 Тогуздун айы 2022 8:52 Бишкек Govori.TV

Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев 7-миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын тартуулады. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

1980-жылкы Олимпиада оюндарынын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев Баткендин Кызыл-Кыя шаарында Кыргызстандын 7-миллионунчу жараны болуп төрөлгөн Жакшылыктын үй-бүлөсү менен жолукту.

Осмоналиев Жакшылыкка өзүнүн алтын медалын тартуулап, келечекте чыгаан спортчу болушун тилеп, бекем ден соолук каалады.

Мындан тышкары, олимпиадалык белектер жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун сүйүнчүсүн тапшырылды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн.

7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалаган. Баланын энеси куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчыдан жаңы төрөлгөн баласына ысым берүүнү өтүндү. Президент Садыр Жапаров 7 миллионунчу кыргызстандыкка өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Жакшылыктын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

Ал эми өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Айта кетсек, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

Количество просмотров: 615