• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Олимпиадада алтын медал уткан спортчу 10 миллион сом менен сыйланат

13 Теке 2021 17:22 Бишкек Govori.TV

Олимпиадада алтын медал уткан спортчу 10 миллион сом менен сыйланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов билдирди.

Ал бүгүн Японияга жөнөп жаткан Кыргызстандын курама командасы менен жолукту.

Улукбек Марипов Олимп оюндарында Кыргызстандын курама командасынын капитаны грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын желегин тапшырды.

Жайкы Олимпиадага 18 кыргызстандык спортчу жолдомо алган. Эл аралык беттешке Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Узур Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов, Айаал Лазарев жана Нурсултан Кеңешбеков барат.

Количество просмотров: 280