• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Олимпиададан күмүш медаль алган Мунарбек «жеке машыктыруучум жанымда болсо жакшы болмок»- деди…

13 Баш оона 202420:15 Бишкек Govori.TV

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 13-августта Бишкекте өткөн 13-августтагы пресс-конференцияда «жеке машыктыруучусу жанында болсо жакшы болмок, бирок башкы машыктыруучу менен да кыйын болгон жок»- деди.

» Өзбек мушкери менен болгон беттеште, мен жеңишке болгон күчүмдү жумшадым. Ал мушташкан эмес, качып кеткенин элдин баары көрүштү. Албетте, менин жеке машыктыруучум жанымда болсо жакшы болмок, бирок башкы машыктыруучу менен да мен үчүн кыйын болгон жок. Башында бир эле ниетибиз бар болчу – Кыргызстанга жеңиш алып келип, унутулгус эмоцияларды тартуулайлы деген. Бирок Аллахтын каалоосу менен күмүш медаль буйруптур. Тагдыр экен. Биз буга ыраазыбыз. Мен эч качан жеңилүү үчүн капа болгон эмесмин», — деди мушкер.

Буга чейин жеке машыктыруучу Беганас Султанбаев аккредитациядан өтпөй, Мунарбек Сейитбек уулу менен Париждеги Олимпиада оюндарына барбай калганынан көпчүлүк кабардар болчу.


Количество просмотров: 343