• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Оморова: “Кыйын” долбооруна катышып, дагы да ийгиликтерге жетишем

11 Бештин айы 2021 10:07 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Дамира Оморова.

Ал Бишкек шаарынан келген. 53 жаштагы Дамира жеке ишкер, 1 баланын апасы.

«Мен аялдар демократиялык тармагынын Бишкектеги координаторумун. 2015-жылдан бери саясатка аралашып келем, ЖК депутаттыгына талапкер болгом. Өзүмдүн негизги кесибим боюнча авиация тармагынада 22 жыл иштедим. 23 жашымда эле эч бир жактын колдоосусуз эле жетекчилик кызматка дайындалгам. Мен көптү билем деп айта албайм, «билгенден биле элегиң көп дейт» эмеспи. Ошол билбеген нерселеримди ушул долбоордон үйрөнөм деген негизде катышып жатам», — деди ал.

Количество просмотров: 224